Институционалдык аккредитациялоо

                                                                                                                                                                                                 БЕКИТИЛДИ

                                                                                                                                                                                                 Буйрук № 48/2

 

 

ӨЗҮН-ӨЗҮ БААЛОО БОЮНЧА ОТЧЁТУ

“Т. КАСЫМБЕКОВ АТЫНДАГЫ №99 ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ОРТО МЕКТЕБИ” МЕКЕМЕСИ

ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯЛОО

              Киришүү

  1. Билим берүүчү уюму жөнүндө маалымат
1. Билим берүүчү уюмдун аты:

 

“Т. Касымбеков атындагы №99 жалпы билим берүү орто мектеби” мекемеси

 

2. Дареги, телефону: 

 

Мурас-Ордо жаңы конушу, 12-көчө, номери жок.

 

 

3. Билим берүүчү уюмдун директорунун аты-жөнү, байланыш маалыматтары:

Осмоналиев Замир Мунабарбекович

у.т.: +996709965968

Электрондук дареги: [email protected]

Мектептин электрондук почтасы: [email protected]

Веб сайт:   https://99.edubish.kg/

 

Мектеп тууралуу маалымат:

Бишкек шаарындагы Т.Касымбеков атындагы № 99 жалпы билим берүү орто мектеби 2022-жылы  15-сентябрда жалпы билим берүү орто мектеби болуп ачылып, ишке киргизилген. Мектеп типтүү  проект менен курулган, 2 кабаттуу имарат. Имараттын жалпы  аянты – 8800 м2, тиешелүү жер аянты – 2.60 га.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт.

Мектепте башталгыч класстар үчүн 11 кабинет, жогорку класстар үчүн  23 кабинет,

3 компьютердик кабинет, жыйындар залы, 120 орунга  ылайыкташтырылган ашкана, китепкана (китеп сактоочу жайы), окуу залы, спорт залы, музыка кабинети, шахмат кабинети, бий залы, машыгуу залы, 2 спорттук аянтча бар.

Мектептин китеп фонду: көркөм адабияттар – 108 даана, окуу китептери – 4673 даананы түзөт.

Окуучулар жөнүндө маалымат:

Башталгыч класс – 21 класс-комплект – 712 окуучу

Ортоңку баскычта – 19 класс-комплект – 613 окуучу

Жогорку баскычта – 3 класс-комплект – 84 окуучу

Класс-комплектиси  жалпы – 43,  жалпы окуучунун саны – 1409

480 сааттык “Наристе” программасынын угуучулары – 102

 

Мектептин юридикалык дареги:

Бишкек шаары Мурас-Ордо жаңы конушу, 12-көчө, номери жок

Мектептин жалпы проекти боюнча сыйымдуулугу – 680 орун

Окуучуларды 2022-2023-окуу жылына комплектилөө боюнча маалымат:

Башталгыч класс – 21 класс-комплект – 712 окуучу

Ортоңку баскычта – 19 класс-комплект – 613 окуучу

Жогорку баскычта – 3 класс-комплект – 84 окуучу

Класс-комплектиси  жалпы – 43,  жалпы окуучунун саны – 1409

480 сааттык “Наристе” программасынын угуучулары – 102

 

ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК АККРЕДИТАЦИЯЛОО

 

Минималдуу талаптардын аткарылышын  талдоо жана тастыктоочу база

Өзүн-өзү баалоо критерийлериӨзүн-өзү баалоонун натыйжаларыТастыктоочу  база
1. БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАМСЫЗДОО САЯСАТЫ
 1.1.Билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу бекитилген ички актылардын болушу

     Мектеп өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы укуктук-ченемдик актыларга жана мектеп Уставына таянып иш жүргүзөт. Окуу планы мамлекеттик стандарттын талаптарына туура келет жана Кыргыз Республикасынын ББИМдин 2022-жылдын 20-августундагы №1460/1 буйругу менен бекитилген Базистик окуу планына ылайык түзүлгөн. Окуу планында Кыргыз Республикасынын ББИМнин окуу иштери менен усулдук  колдонмолорун пайдалануу каралган. 2022-2023-окуу жылындагы Т.Касымбеков атындагы №99 жалпы билим берүү орто мектебинин окуу планы Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынан 2022-жылдын    1-сентябрында каттоодон П-082 өттү.  Ошонун негизинде мектеп ичинде предметтердин календардык пландары УБ талкууланат, УК каралат,  иштелип чыгат, ПКда бекитилет.

Т.Касымбеков атындагы №99 жалпы билим берүү орто мектебинин атайын иштелип чыккан, директор тарабынан бекитилген билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу ички актылары бар:

1. Жалпы билим берүүчү уюмдун укуктук статусун аныктоочу актылар, мектептин өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү актылар;

2. Жалпы билим берүү мекемесинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн статусун аныктоочу жана окуу процессинин катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин аныктоочу актылар, мектептин өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө актылар;

3. Эмгектенүүдөгү жана окуудагы дени сак жана коопсуз шарттарды камсыз кылууга багытталган актылар;

4. Окуу процессин уюштурууга жана окуу-методикалык жактан камсыз кылууга байланышкан актылар;

5. Жалпы билим берүү мекемесинин эмгек акы жана финансылык-чарбалык иши менен байланыштуу актылар;

6. Жалпы билим берүү мекемесинин иш кагаздарын туура жүргүзүүнү камсыз кылуучу актылар: мектептин мыйзам чегинде иштешине багытталган бардык жоболор, эрежелер, буйруктар, инструкциялар. Бардык жоболор педагогикалык кеңешменин жыйналышында каралат жана бекитилет, буйруктун негизинде аткарылат.

Мектептин Уставы

Мектептин ички көзөмөлү боюнча Жобо

Класс жетекчилердин Жобосу

Усулдук бирикмелер жөнүндө Жобо

Ата-энелер комитети жөнүндө Жобо

Профилактикалык кеңешме жөнүндө Жобо

Профилактикалык Кеңешме түзүү боюнча буйрук

Мектепте туура тамактанууну уюштуруу жана көзөмөлдөө жөнүндө Жобо

Эмгекти коргоо жөнүндө Жобо

Кабинетти пайдалануу Жобосу

Мектеп парламенти жөнүндө Жобо

Класс жетекчинин кызматтык милдеттери жөнүндө Жобо

Мектеп ичиндеги административдик жана мугалимдердин кезметчилигин уюштуруу жөнүндөгү Жобо

Тарификацияга жооптуулар боюнча буйрук

2022-2023-окуу жылы үчүн Базистик окуу планын макулдашуу жөнүндөгү каттоо номери: №082 П  01.09.2022-ж.

2022-2023-окуу жылындагы класс жетекчилерди бекитүү жөнүндө  буйрук

Окуучуларды ысык тамак менен камсыздоо боюнча буйрук

“Антитеррористтик коргонуу” боюнча иш план

Мектептин жылдык иш планы

2022-2025-жылдарга карата иштелип чыккан мектептин өнүгүү планы

ОТИ боюнча директордун орун басарынын жылдык планы

Башталгыч класстардын окуу-тарбия иштери боюнча планы

Тарбия иштери боюнча планы

Усулдук  иштери боюнча планы

Календарлык пландар

Иш кагаздарынын номенклатурасы

Штаттык расписание

2022-2023-окуу жылы үчүн түзүлгөн сабактардын жүгүртмөсү

Ийримдердин жүгүртмөсү

1.2.

Билим берүү уюмунун бекитилген миссиянын, кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушу

 

 

 

              Мектеп 2022-жылы 15-сентябрда салтанаттуу түрдө ачылган. Жылдык өзүн-өзү баалоо мөөнөтү келе элек. Педагогикалык кеңешмеде бекитилген мектептин өнүктүрүү планында жана учурдагы окутуп, тарбиялоону жакшыртуу планында мектептин миссиясы чагылдырылган.

Т.Касымбеков атындагы №99 жалпы билим берүү орто мектебинин миссиясы:  Окуучуларга билим, тарбия берүүдө гендердик теңчилик принциптерин жана улуттук баалуулуктарды сактап, турмушта өз көз карашы калыптанган, креативдүү ой жүгүрткөн, негизги компетенттүүлүктөргө ээ, жашоодо өз ордун таба билген инсанды тарбиялоо.

Ошондой эле 2022-2025-жылдарга мектептин стратегиялык өнүгүү планы бекитилген.

Класстан тышкаркы иштердеги ийгиликтер

Мектептин өнүгүү планы

Ата-энелер менен иштөө жобосу

1.3.Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана жооптуу адамдардын, түзүмдөрдүн болушу

    Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу саясатын ишке ашыруу мектепти башкаруунун колдонуудагы түзүмүнүн, жергиликтүү ченемдик актылардын жана кызматтык нускамалардын негизинде камсыз кылынат.

Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу саясатын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр жооптуу: мектеп администрациясы, педагогикалык кеңешме, усулдук кеңешме, усулдук бирикмелер. Мектеп директорунун  жана анын орун басарларынын, мугалимдердин, техникалык кызматкерлердин иш милдеттери иштелип чыккан. Мугалимдерге үзгүлтүксүз усулдук жардам көрсөтүлүп турат. Мектепте 7 усулдук бирикме иш алып барат жана алардын ишмердүүлүгү туура жолго коюлган. Иш пландары түзүлгөн жана максаттары аныкталган.

1. Кыргыз тили жана адабияты УБ

2. Орус тили жана адабияты УБ

3. Чет тилдер УБ (англис тили)

4. Табигый илимдер УБ

5. Так илимдер УБ

6. Эстетикалык тарбиялоо УБ

7. Башталгыч  класстар УБ

Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу саясатын ишке ашыруу боюнча маселелер педагогикалык кеңештин, усулдук кеңештин жыйналыштарында, усулдук бирикмелердин чогулуштарында, директордун алдындагы чогулуштарда угузулат.

Окуу-тарбия процессине сапаттык талдоо мектеп ичиндеги көзөмөлдүн планын жана мектептин структуралык бөлүмдөрүнүн пландарын ишке ашыруу процессинде, предметтик декадаларда жүргүзүлөт. Маалыматтар директордун алдындагы чогулуштарда жана класстык ата-энелер чогулуштарында угузулат. Пайда болгон көйгөйлөр педагогикалык коллективдин биргелешкен күч-аракети менен чечилет. Мектептин директорунун буйругу менен жооптуу адамдар аныкталат. Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, илимий-усулдук иштер боюнча орун басары, усулдук бирикмелердин жетекчилери.

Класс жетекчинин кызматтык нускамасы  (инструкциялар)

Функционалдык милдеттер

Педагогикалык кеңешменин токтому

Усулдук кеңешменин токтому

Усулдук  бирикмелердин жылдык иш пландары

Декадалар   

Класс жетекчилердин Жобосу

Педагогикалык кеңешменин Жобосу

Окуу-тарбия иштери боюнча анализдер

Усулдук бирикмелер жөнүндө Жобо

Ата-энелер чогулуштары

2022-2023-окуу жылынын тарбия иштери боюнча планы

Насаатчылык жөнүндө жобо, жылдык пландары

1.4.Персоналдык жана окуучулардын жүрүм–турумунун ченемдеринин болушу, аларды сактоо (билим берүүнүн жана инсандын, маданий көп түрдүүлүктүн баалуулуктун)

          Мектепте педагогдордун жана башка кызматкерлердин  профессионалдык этикасынын кодекси иштелип чыккан жана бекитилген. Мектеп мугалимдери предметтик мугалимдин кесиптик стандарттары менен тааныш.

Мектептеги   жагымдуу жана коопсуз чөйрөнү  мугалим өзүнүн жүрүм-туруму менен башкара алат. Мектептин ичиндеги чөйрө менен  тышкы чөйрөнү өз ара аракеттенүүнүн негизинде байланыштырат.  Заманбап өзгөрүүлөрдүн шартында туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууну өркүндөтөт.

Мугалимдер классикалык стилдеги форма кийишет.

Мектепте ишеним почтасы, ишеним телефондору уюштурулган.

Ишеним почтасы мектептин 1-этажында окуучулар жана ата-энелер үчүн ыңгайлуу болгондой жерге илинип, мектептин жана бардык жогорку инстанциялардын ишеним телефондору боюнча маалымат жазылган.

Ишеним почтасына түшкөн каттар атайын буйруктун негизинде түзүлгөн комиссия тарабынан каралып, каттын мазмунуна жараша чара колдонулат.

Мектепте ишеним почтасы жана ишеним телефондорунун ишин, ошондой эле мектеп администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөөсүн уюштуруу менен мектеп жамааты тарабынан педагогикалык этиканын нормаларын бузуу фактыларынын алдын алуу механизми иштелип чыккан.

2022-2023-окуу жылында мектеп формасы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган үстү ак, асты кара классикалык форма талап кылынат.

Окуучулардын уюштуруучулук маданиятын калыптандыруу окуу-тарбия процессинде ишке ашырылат, ошондой эле мектепти эстетикалык жасалгалоо, майрамдарды, эсте каларлык күндөрдү өткөрүү жана класстагы тарбия иштеринин жүрүшүндө ишке ашырылат.

 

 

Педагогдордун жана башка кызматкерлердин  профессионалдык этикасынын кодекси

Ишеним кутучасы

Ишеним кутучасын уюштуруу жөнүндө АКТ

Мектеп парламентинин иш планы

Окуучулардын кабинеттеги сүрөттөрү

Окуучулардын формасы

Мектептеги иш-чаралар сүрөтү

Мугалимдик жамаат

1.5.Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушу

             Т.Касымбеков атындагы №99 жалпы билим берүү орто мектебинин окуу процессин уюштурууда окуучулардын жана кызматкерлердин коопсуздугун сактоо үчүн иш пландары түзүлүп, ошонун негизинде иш алып барылат. Мугалимдер жана окуучулар коопсуздук эрежелери менен тааныштырылып, инструктаждар план боюнча өтүлүп турат.

Башталгыч класстын ата-энелерине окуучуларды мектепке өзүлөрү алып келип, алып кетип туруу милдеттендирилген.

Мектепте коопсуздукту сактоо милдетин коопсуздук кызматкери аткарат. Мектепке  кирип-чыгуу эрежелери боюнча чоочун адамдар, ата-энелер мектепке киргизилбейт. Кандайдыр маселе боюнча келген адамдар атайын журналга катталышат.

Мектепте жалпы 25 камера бар.

Ошондой эле ата-энелер чогулушунда класс жетекчилер ата-энелерге жол кырсыктары боюнча маалымат берип турушат.

Окуучулардын ден соолугун жана өмүрүн коргоо боюнча биргелешкен пландар: Бишкек шаардык наркология борбору, Биринчи май райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, Биринчи май райондук Үй-бүлө дарыгерлер борбору. Мектеп ичинде диний экстремизм, Кургак учук, ВИЧ/СПИД, COVID-19  ооруларынын алдын алуу  боюнча пландардын негизинде иш жүргүзүлөт.

ТК эрежелеринин инструкциялары

Видеокөзөмөлдөр

Укук коргоо органдары менен биргелешкен иш план

Окуучулардын ден соолугун жана өмүрүн коргоо  боюнча биргелешкен  жана мектептин ички пландары

Аткарылган иштердин мониторинги, анализдер

 

1.6.Кызыкдар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнүн колдонуудагы механизмдеринин болушу

              Мектепте окуучуларга билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу үчүн кызыкдар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнүн активдүү механизми бар.

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча тиешелүү түзөтүүлөр административдик текшерүү иштеринин жыйынтыктарына, билимдерди текшерүү (срез знаний), ошондой эле чейрек аяктаганга бир, эки жума калганда өткөрүлүүчү чейректин жыйынтыгына алдын ала баа берүүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт. Бул жыл башында пландалып, ар бир предметтин календардык пландарында киргизилет. Мектеп ичиндеги буйруктун негизинде 9, 10, 11-класстардын окуучулары  үчүн УТБнын жыйынтык  баалары чейректик жазуу иштерине негиз боло алат.

Предметтик мугалимдер, усулдук бирикмелердин жетекчилери иштин жүрүшүнө мониторинг жүргүзүшөт. Мониторингдин жыйынтыгы педагогикалык кеңешмеде угузулат, анда билим сапатын жогорулатуу максатында окуусунан жетишпеген окуучулар жана алардын ата-энелери профилактикалык кеңешке сүйлөшүүгө чакырылат. Предметтик мугалимдер  жетишпеген окуучулар менен жекече план түзүп, иш алып барышат.

Мектеп окуучулары системалуу түрдө УТБга, мектепте предметтер боюнча тестирлөөгө, окуучулардын билимин сырттан баалоого, анын жыйынтыгы боюнча окуучулар жана алардын ата-энелери менен билим сапатын жогорулатуу боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Билимдерди текшерүү (срез знаний) боюнча мониторингдер

Административдик текшерүү иштери

УТБ жыйынтыктары

 

 

 

 

 

1.7.Билим берүүнү башкаруунун колдонуудагы маалыматтык системасынын веб-сайттын, электрондук почтанын болушу

         Мектепте билим берүүнүн электрондук маалыматтык башкаруу системасы бар (ИСУО). Ал маалымат чогултуу, сактоо, иштетүү, талдоо жана жайылтуу менен алектенет. Буйрук менен ИСУОго жооптуу болуп информатика мугалими Айтбосунова Изаат дайындалган. ИСУОго маалыматтарды бергенге класс жетекчилер жооптуу.

Мектептин электрондук почтасына жогорку инстанциялардан буйруктар ж.б. аткарылуучу маалыматтар келип турат. Ошондой эле маалыматтардын электрондук варианты почта аркылуу тиешелүү органдарга жөнөтүлөт. Ар бир директордун орун басарларынын  ж.б. мугалимдердин электрондук почталары бар.

Мектептин сайтында мектеп боюнча бардык маалыматтар камтылган. Мектептин ачылган жылы, окуучулардын саны, жабдылышы, мугалимдер жөнүндө маалымат, билим сапаты, окутуу-тарбиялоо иштериндеги жаңылыктар, ийгиликтер, класстан тышкаркы иштер  ж.б. жайгаштырылган.

Мектепте 2022-2023-окуу жылынан баштап “Автоматташтырылган маалыматтык Күндөлүк системасы” долбоорунун негизинде электрондук  күндөлүк системасы киргизилди. Бул системанын артыкчылыгы – окутуу системасын санариптештирүү, ата-энелер менен байланышты күчөтүү, мектепти  техникалык каражаттар менен толуктоого мүмкүнчүлүк алуу.

Ар бир класста  окуучулардын  жана ата-энелердин Whatsapp группалары ачылган. Бул группаларда окуучулар үчүн жана ата-энелер үчүн керектүү маалыматтар, суроо-жооптор, маселелер талкууланып, окуучуларды көзөмөлдөө, мектеп менен байланышты күчөтүү, ата-энелерге агартуу иштерин жүргүзүү кызматын аткарат.

Социалдык түйүндөрдөн көбүнчө Facebook, YouTube, Telegram колдонулат. Бул түйүндөрдө мектеп ичинде жана мектептен тышкаркы иштердеги ийгиликтер, жаңылыктар, класстык сааттар, даталуу күндөргө карата флешмоб, акциялар жүктөлгөн. Максаты: жакшы саамалыктарды, жаңылыктарды жайылтуу, бөлүшүү, тажрыйба алмашуу, коомдогу көйгөйлөргө кайдыгер болбоого үндөө.

ИСУО боюнча буйрук

ИСУОнун сүрөтү

Мектептин электрондук почтасы: [email protected]

Мектептин сайты: http://99.edubish/kg

“Күндөлүк”: www/kundoluk/edu/kg

Окуучулар жана ата-энелердин “Whatsapp” группалары

Социалдык түйүндөр

 

 

    Күчтүү жагы:

             1.  Т. Касымбеков атындагы №99 жалпы билим берүү орто мектебинин атайын иштелип чыккан, директор тарабынан бекитилген билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу ички актылар бар. Ички локалдык актылардын болушу билим берүүнүн сапаты саясатын камсыз кылуу менен мектептин укуктук чөйрөдө иштөөсүнө шарт түзөт. Окуу жылынын башталышына чейин мектептин ишинин укуктук документтерин (жоболорду, нускамаларды, штаттык бирдиктерди, окуу пландарын, кызматтык нускамаларды, буйруктарды, окуу пландарын, сабактардын жүгүртмөлөрүн) даярдоо боюнча иштер жүргүзүлөт.

2. Мектептин башкаруу структурасы бар. Ар бир звено өзүнүн кызматтык милдеттери менен тааныш, бул ошого жараша алардын так аткарылышын камсыз кылат. Мектепте окуучуларды бирдиктүү кылган мугалимдердин абдан ынтымактуу командасы бар. Бардык пайда болгон көйгөйлөр, суроолор көңүл бурулбай калган эмес жана алардын аягына чейин жеткирилет. Мектептин ички атмосферасы жакшы жана эффективдүү шарттарды түзүүгө жардам берет.

3. Мектепте 2022-2023-окуу жылынан баштап “Автоматташтырылган маалыматтык Күндөлүк системасы” долбоорунун негизинде электрондук күндөлүк системасы киргизилди. Бул системанын артыкчылыгы –  окутуу системасын санариптештирүү, ата-энелер менен байланышты күчөтүү.

 
    Алсыз жагы:

1. Класстарда окуучулардын көптүгү. Мектептин сыйымдуулугуна окуучунун санынын туура келбегендиги (680 орунда 1409 окуучу, 480 сааттык «Наристе» программасынын окуучулары 102).

2. Ички миграциянын көп болушунун билим сапатына тийгизген таасири. Кээ бир ата-энелердин кайдыгер мамиле жасагандыгы.

 3. Мектептин интернет желесине туташпагандыгы.

4. Социалдык жактан коргоого муктаж болгон балдардын жылдан-жылга көбөйүшү.

 
 

Сунуштар:

 

 

 

 

 

1. Мектеп администрациясы билим берүү жана инсандык баалуулуктарды, окуучулардын маданий көп түрдүүлүгүн жана мугалимдердин педагогикалык этиканы сактоосун колдогон, уюштуруу маданиятын калыптандыруу боюнча иштерди улантуу;

2. Мектеп администрациясы мектептин веб-сайтын толтуруу, жаңылоо иштерин улантсын;

3. Мектеп администрациясы жана педагогикалык жамаат окууга болгон мотивацияны  жогорулатуу үчүн ата-энелер жана окуучулар арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлсүн;

4. Мектеп администрациясы, предметтик мугалимдер  тарабынан байкоо жүргүзүү аркылуу таланттуу балдарды аныктоо, алар менен жеткиликтүү иш алып баруу аркылуу жетишкендиктерге жетишүү (мектеп жаңы ачылгандыктан  олимпиада, ЖРТ, ЖМА боюнча жыйынтыктар чыга элек);

5. Окуучулардын билим денгээлин жогорулатуу үстүндө иш алып баруу улантылсын.

 
 

2. КАДРДЫК  САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

2.1.Педагогикалык, административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка алуунун (жумуштан  бошотуунун) объективдүү критерийлерин жана шарттарын камсыздоочу механизмдин жана     жол-жоболордун болушу

   Мектепке кызматкерлерди кабыл алуу жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жана жеке арызынын негизинде жүргүзүлөт. Жумушка кабыл алынып жатканда  кызматкер документтердин тиешелүү пакетин тапшырат (паспорт, медициналык китепче, билими жөнүндөгү документтер, эмгек китепчеси, соттолбогондугу жөнүндө, психдиспансер, наркологиядан справкалар).

Ар бир процедура боюнча буйрук чыгарылат. Жумушка кабыл алынганда кызматкер менен эмгек келишими түзүлөт. Сөзсүз түрдө кызматкердин өздүк иши (личное дело) түзүлөт, кызматтык нускамаларга кол коюлат жана инструктаж өткөрүлөт, ички тартип менен тааныштырылат. Бардык эмгек китепчелери эмгек китепчесин каттоо журналына киргизилет жана директордун сейфинде сакталат.

Эмгекти коргоо боюнча Жобо

Жумушка кабыл алуу жана бошотуу боюнча буйрук

Мугалимдин кызматтык милдети тууралуу инструкция

Техника коопсуздугу боюнча көрсөтмө

2.2.Штаттардын комплектелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана  билиминин  билим  берүү  программасына шайкеш келүүсү

   Мектепте педагогикалык  курамдын комплектелиниши, квалификациясы, билими жана тажрыйбасы билим берүүнүн максаттарына жетүүгѳ ылайык келет.

2022-2023-окуу жылында б.а. учурда мектепте 73 мугалим эмгектенет. Алардын ичинен:  54 жогорку билимдүү,

11 – атайын орто

7 – бакалавр даражасындагы мугалимдер.

КРнын ББМИнин  Билим берүүнүн мыктысы төш белгисинин ээси – 2

КРнын ББМИнин Ардак грамотасынын ээси – 3

Төмөнкү долбоорлордон квалификациясын жогорулатып келишкен мугалимдер да бар.  Алар: 

Креатив-Таалим – 60 мугалим

“Окуу керемет” – 9 мугалим

Мугалимдердин сандык-сапаттык курамынын тизмеси

Тарификациялык тизме

Билим берүүнүн мыктыларынын күбөлүгү

Мугалимдердин грамоталары

Сертификаттар

2.3.Физикалык жана  психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү  процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин  баалоону, анын жыйынтыгы боюнча  чечимдерди кабыл  алууну  камсыздоочу  механизмдин жана жол-жоболордун болушу

           Мектепте физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бардык иштер “Эмгекти коргоо” Жобосунун негизинде жүргүзүлөт. Коопсуздук техникасы боюнча инструктаж ар бир мугалимдин колу коюлуп өткөрүлөт. Мектепте билим берүү чөйрөсү коопсуздук талаптарына толугу менен жооп берет.

Кабинеттердин жарыктандырылышы, шартка жооп бериши, жылуулугу, желдетилиши, таза суу менен камсыз болушу, эмеректердин коопсуздугу, коопсуздук техникалык эрежелердин, эвакуациялык пландардын болушу талаптагыдай уюштурулган.

Техникалык кызматкерлердин иши жолго салынган. Мектепти жууп-тазалоо үчүн ысык суу киргизилген.

Мектепте окуучулардын билим алуусу жана эс алуусу үчүн дагы ыңгайлуу, жагымдуу жагдайлар каралган. Ар кандай багыттагы класстан тышкаркы иш –чараларга окуучулар активдүү катышышат. Иш –чаралар жасалгаланган, жарык, таза, жылуу жыйындар залында өткөрүлөт.

Мектепте окуу залы иштейт. Китепканадан окуучулар сабакка болгон материалдарды, көркөм адабияттарды алып пайдалана алышат.

Мектеп ичинде жылуу суу, санитардык түйүн иштейт.

Мектеп  ашканасы мезгилдин талабына ылайык бардык шарты менен жабдылган, башталгыч класстын окуучуларына,  5-7-класстардагы жашоо-шарты оор болгон үй-бүлөлөрдөн 85 балага ысык тамак берилет.

“Эмгекти коргоо” Жобосу

Техникалык коопсуздук боюнча инструктаж

Кабинеттердин абалынын сүрөтү

Иш-чаралардын өтүлүшүнүн сүрөттөрү

Салтанат залы(сүрөт)

Санитардык түйүндүн сүрөтү

Ашкананын сүрөтү

Ысык тамак менен сапатуу камсыз кылууну көзөмөлдөө  жөнүндө  Жобо

Ысык тамак уюштуруу боюнча  буйрук

Социалдык педагогдун жылдык иш планы

2.4.Педагогикалык, административдик, кенже тейлөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналдын  ишин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун  болушу       Мектеп администрациясы тарабынан жогорку инстанцияларга кызматкерлердин ишин баалоо иретинде иштеген ишинин жыйынтыгы менен сыйлыктарга, грамоталарга сунушталат. Ал педагогикалык кеңешмеде каралат жана буйрук китебине түшүрүлөт. Айрым учурда эмгек китепчелерге сыйлоо буйругу жазылат.Педкеңешменин токтому

Мугалимдерди сыйлоо боюнча буйруктар

Күчтүү жагы:

 

 

1. Педагогикалык кадрлардын өз билимин өркүндөтүү максатында квалификацияны жогорулатуу курстарына  баруусу.

2. Сапаттуу билим берүү жана ыңгайлуу иштөө үчүн  шарттардын түзүлүп жаткандыгы.

 
Күчсүз жагы:

1. Мектепти өнүктүрүү иштерине акча каражатынын жетишсиздиги

2. Техникалык кызматкерлердин айлык маянасынын аздыгы.

 

 
Сунуштар:

1. Педагогикалык жамааттын үзүрлүү эмгектенүүсүнө шарттарды түзүүнү улантуу;

2. Мугалимдердин кесиптик квалификациясынын үзгүлтүксүз өсүшүнүн графиги боюнча  камсыздоо;

3. Аткарылган иштерди анализдөө аркылуу кетирилген кемчиликтерди аныктоо жана аны жоюу жолдорун иштеп чыгууну улантуу;

 
3. МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК  БАЗА
3.1.Билим берүү  процессинин катышуучуларына, анын ичинде  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга  жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын, жайлардын  жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал, актылар залы, медициналык пункт, ашкана) ошондой эле жашоо үчүн тиешелүү шарттары бар  жатаканалардын  (эгерде болсо) болушу

          1. Мектепте окуу имараттары жана бөлмөлөрү канааттандыраарлык абалда, окуу кабинеттери чоң, жарык жана жылуу. Мектептин кире беришинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус орнотулган.              34 окуу кабинеттери бар. Ар бир кабинет предметтик стандарттын талаптарына ылайык 70% га жабдылган. Физика, биология жана химия кабинеттеринде лабораториялык кабинеттер бар. Химия кабинетинин, физика кабинетинин жана биология кабинетинин лабораториясы бар. 3 информатика кабинети  34 компьютер,  проектор, экран, доска менен жабдылган. Жалпысынан мектепте администрацияларда, усулдук бөлмөдө, китепканада 7 компьютер, 10 телевизор, 34 проектор, 1 интерактивдүү панель, 5 принтер (1 түстүү) бар.

Мугалимдердин өздүк каражаттарынын эсебинен алынган 15 ноутбук, принтерлери бар.

2. Жыйындар залы 300 орундуу.

3. Мектеп китепканасы окуучулар үчүн ылайыкталып, шарттары менен түзүлгөн. Китепкана 67% окуу китептери менен камсыз болгон. Өзүнчө китеп сактоочу жайы бар.

4. Мектептин спорт залы жана күрөш залы окуучулардын спорт менен машыгуусуна ылайыкталган. Спорт аянтчасында волейбол, футбол, баскетбол аянтчалары, турниктер, брустар ж.б. окуучулар спорт менен машыкканга ылайыкташкан. Окуучулар үчүн бий, музыка, шахмат, кол эмгек ийрим кабинеттери бар.

5. Мектепте шаардык №13, №1 бейтапканалардын  үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун  эки кызматкери (тиш доктур, медайым) окуучулардын жана педагогикалык курамдын ден соолугуна кам көрүшөт, медициналык кабинет бар.

6. Мектеп  ашканасы мезгилдин талабына ылайык бардык шарты менен жабдылган. 1-4-класстын 712 окуучусуна, 5-7-класстардагы жашоо-шарты оор болгон үй-бүлөлөрдөн 85 балага ысык тамак берилет. Ашканада 28 стол жана 132 орундук стул, электроплитка 2 даана, муздаткыч 5 даана духовка 2 даана, эт туурагыч, стеллаждар, идиш-аяктар ж.б. менен толук камсыздалган. 5 суу жылыткыч  орнотулуп, ысык суу менен камсыздалган. Ашкананын иши мектеп администрациясы, ата-энелер, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери, санэпидемстанция тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

7. Мектепке көмүр менен жылытуу системасы киргизилген жана кышкысын жылуулук режим сакталат. Мектепте канализация иштейт. Имараттын ичинде 28 даараткана жана 13 жуунучу кабиналар курулган. Мектептин короосунда да даараткана бар.

8. Мектептин алдында гүлдөр, бактар отургузулган.

 

Кабинеттердин сүрөтү

Лабораториялардын сүрөтү

Информатика кабинеттеринин сүрөтү

Инвентардык иш кагаздар

Салтанат залынын сүрөтү

Китепкананын инвентаризациясы, сүрөттөрү

Спорт залдын, бий, музыка, шахмат, кол эмгек ийрим кабинеттеринин сүрөттөрү

Медициналык кабинеттин сүрөтү

Ашкананын сүрөтү

Окуучуларды ысык тамактануу менен камсыздоо боюнча жобо

Окуучуларды ысык тамактануу менен камсыздоо боюнча буйрук

 

 

 

3.2.Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы  коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)

    Т. Касымбеков атындагы №99 жалпы билим берүү орто мектеби билим берүү чөйрөсү коопсуздук талаптарына толугу менен жооп берет. Мектептин бул багыттагы иши санитардык эрежелердин сакталышына, санитардык жана эпидемияга каршы иш-чаралардын аткарылышына, ошондой эле эмгекти коргоо боюнча иштерди уюштуруу жөнүндө жобого негизделет.

Ар бир кабинетте жана фойеде, коридорлордо техникалык коопсуздук эрежелери илинген. Окуучуларга, мугалимдерге жана башка кызматкерлерге  тааныштырылып, колдору коюлган журналдар бар. Мектеп толугу менен сигнализация менен камсыз кылынган.

Техникалык коопсуздук эрежелери, эмгекти коргоо боюнча инструктаж өтүлүп турат.

Санитардык-эпидемиологиялык  жана гигиеналык абалга жараша  кол жуугуч раковиналар коюлган.

Биринчи май райондук администрациясынын жардамы менен мектептин ичине жана тышына 25 видеокөзөмөл орнотулган.

Инструктаждар

Техникалык коопсуздук эрежелери

Санитардык-гигиеналык эрежелер(сүрөт)

Өрткө коопсуздугун сактоо(сүрөт)

Эмгек келишими

Жашылдандыруу

 

3.3. Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча  ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу

           Мектептин техникалык базасын өнүктүрүү боюнча план иштелип чыгып бекитилген. План боюнча иш алып барылат, анализ жүргүзүлөт. Анализ жүргүзүүнүн негизинде кийинки окуу жылына план түзүлөт.

 

 

Кириштөө  жана  чыгыштоо  актылары

Долбоорлордон келген материалдык база

“Автоматташтырылган маалыматтык Күндөлүк системасы” долбоору

Күчтүү жагы:1.КРнын 2002-жылдын 27-июнундагы мектептеги окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча мыйзамына ылайык, мектепте окуучулардын камсыз болушу.

2. Материалдык-техникалык базаны чыңдоодо өсүү динамикасынын болушу.

3. Мектепте мугалимдердин чыгармачылык менен иштөөсүнө жана окуучулардын толук кандуу билим алуусу үчүн тиешелүү шарттардын болушу.

4. Ийримдердин өтүлүшүнө бардык шарттардын каралгандыгы.

5. Ден соолук чыңдоочу шарттардын болушу(тиш доктур, терапевт, мед айым).

 
Алсыз жагы:1. Лабораториялардын талапка ылайык жабдылбагандыгы.

2. Мектептин долбоордук кубаттуулугунан окуучулардын санынын көптүгү.

 
Сунуштар:1. Мектеп администрациясы тарабынан ар кандай долбоорлорго катышуу аркылуу мектептин материалдык–техникалык базасын, инфраструктурасын жакшыртууну, чыңдоону улантуу; 
 

4.  ФИНАНСЫЛЫК  РЕСУРСТАРДЫ  БАШКАРУУ

4.1.Финансылык  пландоо  системасынын болушу

          Биринчи май райондук Билим берүү борбору тарабынан окуу жылынын башында мектептин табыштамасынын негизинде тиешелүү мектепке керектүү жууп-тазалоочу каражаттар менен камсыздалат.

Мектепти өнүктүрүү максатында демөөрчүлөрдү, кошумча булактарды ишке тартуу боюнча иш алынып барылууда.

 

 

Мектептин өнүктүрүү планы

 

Күчтүү жагы:1. Мектепте кошумча ресурстарды тартуунун, бөлүштүрүүнүн жана отчеттуулуктун ачык-айкын механизми бар.

2. Мектептин шаардык билим берүү борбору жана райондук билим берүү борбору аркылуу каржыланышы.

 
Күчсүз  жагы:1. Финансы каражаттарынын жетишсиздиги.

2. Кенже персоналдардын айлык акысынын аздыгы.

 
Сунуштар:

1. Демөөрчүлөрдү тартуу, акча каражаттарын максаттуу пайдалануу.

 

 

                                                                               

 

 Жыйынтык:

                Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун Т.Касымбеков атындагы №99 жалпы билим берүү орто мектебинин иш кагаздары талапка ылайык электрондук түрдө жүргүзүлөт: 43 класстык журнал, 480 сааттык “Наристе” программасы боюнча 3 класстык журнал, мектеп компонентинин журналдары, ийримдердин журналдары, алфавит китеби, окуучулардын кыймылы боюнча буйругу, педагогикалык  кеңешме, административдик кеңешме, өндүрүштүк кеңешме, ата-энелер чогулушунун протоколдору, мугалимдердин жеке иш кагаздары, буйрук китептер. Окуучулардын келип-кетүү кыймылы боюнча убагында алфавит китебине ѳзгѳртүү киргизилип, класстык журналдар, окуучулардын ѳздүк делолору текшерилип турат. Чейрек сайын окуучулардын билим сапаты, жетишүүсү тууралуу Биринчи май райондук  билим берүү бѳлүмүнѳ отчёт берилет. Окуу жылынын жыйынтыгы менен мектептин ишмердүүлүгү, жетишкен ийгиликтер, кийинки окуу жылына сунуштар боюнча анализ жүргүзүлөт. Анализдин негизинде кийинки жаңы окуу жылына карата аткарылуучу иштердин планы иштелип чыгат. Мектеп  алдына койгон максаты, миссиясынын негизинде, чыгармачыл, талыкпаган  изденүү менен эмгектенген,  тажрыйбалуу мугалимдердин коштоосунда өз ишин алып барууда. Жыл ичинде мугалимдер жамааты жаш кадрлар менен толукталды. Жаш  мугалимдерге насаатчы мугалимдер бекитилип, усулдук жардам берилет. Мындан сырткары ар кандай курстарга, семинарларга, тренингдерге, онлайн-семинарларга активдүү катышып жатышат (Креатив-Таалим, Окуу керемет).

Мектепте 3 компьютердик класс бар. Мугалимдердин бардыгы компьютер менен иш алып барышат. Химия кабинетинде замандын талабына ылайык интерактивдүү панель орнотулган. Керектүү маалыматтарды алып, панелди колдоно алышат.

Билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандарты боюнча мугалимдердин календардык-тематикалык пландары бекитилип, күнүмдүк сабактардын иштелмелери жазылып турат. Чейрек, жылдын жыйынтыгы менен билим берүүнүн сапаты боюнча жыйынтык чыгарылып, мониторинг түзүлүп, анализ жүргүзүлөт.

Окуучуларды ЖРТга, илимий-изилдөө иштерине, олимпиадага, класстан тышкаркы иштерге даярдоо ийрим иштеринин жетекчилерине милдеттендирилген. Ийрим жетекчилери түзүлгөн  жүгүртмөнүн  негизинде иш алып барышат.

«Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негизинде китепкана фондусун толуктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Мектепте окуу-тарбия иштери туура жолго коюлган, ата-энелер менен иш алып барылат. Окуучулар арасында мектептин тарбия иштеринин негизинде ар кандай класстан тышкаркы иштер, маданий, спорттук  иш-чаралар уюштурулуп турат. Мектепте күрөш, футбол, волейбол, шахмат  боюнча спорттук ийримдери иштейт. Мектептин окуучулары райондук, шаардык деңгээлдеги мелдештерде жеңиштерге жетишүүдө.

Мектептин  ишмердүүлүгүндө эксперттик топ көрсөтүлгөн документтерге жана өзүн-өзү баалоонун жыйынтыгына анализ жүргүздү. Текшерүү убагында төмөнкү аспектилер каралды:

– Мектептин ишмердүүлүк жүргүзүүчү баштапкы документтеринин болушу (устав, күбөлүк, лицензия, сертификат, ж.б.);

– Мектеп документациясынын талапка ылайык жүргүзүлүшү (класстык журналдар, алфавиттик китеп, окуучулардын өздүк

делолору, мектептин жылдык планы, буйруктар, мамлекеттик үлгүдөгү документтерди каттоо китеби, педагогикалык

кеңештин токтомдору, педагогикалык кадрлардын өздүк делолору);

– Билим берүүнүн сапаттык ички көзөмөлдөөнүн материалдары жана мониторингдери;

– Окуу процессинин камсыздалышы (маалыматтык технологиялар, лабораториялар, окуу куралдары, окуу китептери);

– Материалдык базанын болушу (окуу кабинеттери, инвентарлар, жыйындар залы, ашкана, медпункт, спорт зал, спорт

аянтчалары, окуу залы);

– Структуралык бөлүктөрдүн иши (медпункттун иши, китепкананын, ашкананын иш абалы);

– Тарбиялык иштердин абалы;

– Окуу-тарбия процессине катышуучулардын мектеп  ишинин ишмердүүлүгүнө  берген баасы.

 

 

Т.Касымбеков атындагы №99 жалпы билим берүү орто мектебинин Устав,  жоболор жана  бардык

 нормативдик-укуктук документтерге ээ:

  1. Билим берүү мекемесинин Уставы:   Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Чүй–Бишкек Юстиция башкармалыгынын юридикалык жактан мамлекеттик каттоодон өткөрүлдү.

Алгачкы катталуу күнү 10.10.2022-ж.

Салтанаттуу ачылган күнү: 15.09.2022-ж.

Күбөлүктүн сериясы:  31676027

Каттоо номери: 210351-3301-М-е

  1. Юридикалык тарап катары күбөлүк:  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Чүй–Бишкек Юстиция башкармалыгынын юридикалык жактан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлдү.

Алгачкы катталуу күнү 10.10.2022-ж.

Салтанаттуу ачылган күнү: 15.09.2022-ж.

Күбөлүктүн сериясы:  31676027

Каттоо номери: 210351-3301-М-е

  1. Мектептин билим берүү уюму катары статусу бекемделген сертификаты:   “Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Төлөгөн Касымбеков атындагы №99 жалпы билим берүү орто мектеби” мекемеси, 17-март, 2023-жыл

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын 27.02.2023-ж. №37 буйругу

Жүргүзүлгөн өзүн-өзү баалоонун негизинде комиссия ыйгарым укуктуу органдарга институтционалдык аккредитациядан өтүү үчүн документтерди жиберүүнү сунуштайт.

Комиссиянын төрагасы: ________ 1. З.М.Осмоналиев – мектеп директору

Комиссиянын мүчөлөрү: _______ 2. К. Б. Тотоева – окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары

                                                       ________ 3.С. Т. Тойчуева – тарбия иштери боюнча директордун орун басары

                                                       ________ 4. Г. Ж. Касымалиева – усулдук иштер боюнча директордун орун басары

________ 5. З. К. Кабылбекова – башталгыч класстар боюнча директордун орун басары

________ 6. И. Ю. Ювашев – соц педагог

________ 7. С. А. Разакова – уюштуруучу

________ 8. Н. А. Эсенкожоева – география мугалими

________ 9. Дөөлөталы кызы Г. – кыргыз тили жана адабияты мугалими