Программалык аккредитациялоо

                                                                                                                                                                                                        Бекитилди

                                                                                                                                                                                                     Буйрук № 48/1

 

 

 

 

 

ӨЗҮН-ӨЗҮ БААЛОО БОЮНЧА ОТЧЕТУ

“Т. КАСЫМБЕКОВ АТЫНДАГЫ №99 ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ОРТО МЕКТЕБИ” МЕКЕМЕСИ

ПРОГРАММАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯЛОО

                                                                                   1. Негизги жалпы билим берүү            2.  Орто жалпы билим берүү

 

 

 

 

 

Киришүү

 

 

   1. Билим берүүчү уюм жөнүндө маалымат

1. Билим берүүчү уюмдун аты:

“Т. Касымбеков атындагы №99 жалпы билим берүү орто мектеби” мекемеси

 

2. Дареги, телефону:

Мурас-Ордо жаңы конушу, 12-көчө, номери жок

 

1. Билим берүүчү уюмдун директорунун аты-жөнү, байланыш маалыматтары:

Осмоналиев Замир Мунабарбекович

у.т.: +996709965968

Электрондук дареги: [email protected]

Мектептин электрондук почтасы: [email protected]

Веб сайт:   https://99.edubish.kg/

  1. Менчик формасы: муниципалдык
  2. Билим берүүчү уюмдун статусу:  “Т.Касымбеков атындагы №99 жалпы билим берүү орто мектеби” мекемеси
  3. ИНН:  01010202210035
  4. Кайсы тилде окутулат: кыргыз тилинде
  5. Сыйымдуулугу:  680 орун
  6. Жылытуунун түрү: көмүр менен
  7. Мектептин юридикалык дареги: Мурас-Ордо жаӊы конушу, 12-көчө, номери жок.

 

Мектеп тууралуу маалымат:

          Бишкек шаарындагы Т.Касымбеков атындагы № 99 жалпы билим берүү орто мектеби 2022-жылы  15-сентябрда жалпы билим берүү орто мектеби болуп ачылып, ишке киргизилген. Мектеп имараты типтүү  проект менен курулган,              2 кабаттуу имарат. Жалпы аянты – 8800 м2, тиешелүү жер аянты – 2.60 га.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт.

Мектепте башталгыч класстар үчүн 11 кабинет, жогорку класстар үчүн  23 кабинет, 3 компьютердик кабинет, жыйындар залы, 120 орунга  ылайыкташтырылган ашкана, китепкана (китеп сактоочу жайы), окуу залы, спорт залы, музыка кабинети, шахмат кабинети, бий залы, машыгуу залы, 2 спорттук аянтча бар.

(Мектеп салтанаттуу ачылганга чейин окуучулар 2022-2023-окуу жылынын 1-сентябрынан 14-сентябрь аралыгында Биринчи май районуна караштуу №86 ЖББОМдо жана Аламүдүн районуна караштуу Озёрный ЖББОМдо убактылуу каттап окушту. Мугалимдер да коштоп барып, окутуп турушту.)

Мектептин китеп фонду: көркөм адабияттар – 108 даана, окуу китептери – 4673 даананы түзөт.

Окуучулар жөнүндө маалымат:

Башталгыч класс – 21 класс-комплект – 712 окуучу

Ортоңку баскычта – 19 класс-комплект – 613 окуучу

Жогорку баскычта – 3 класс-комплект – 84 окуучу

Класс–комплектиси  жалпы – 43,  жалпы окуучунун саны – 1409

480 сааттык “Наристе” программасынын угуучулары – 102

 

Юридикалык жактын аталышы:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы Биринчи май району Т. Касымбеков атындагы №99 жалпы билим берүү орто мектеби.

Алгачкы катталуу күнү: 10.10.2022

Салтанаттуу түрдө ачылган күнү: 15.09.2022-ж.

Күбөлүктүн сериясы:  31676027

Каттоо номери: 210351-3301-М-е

 

Билим берүү уюмунун миссиясы:

      Окуучуларга билим, тарбия берүүдө гендердик теңчилик принциптерин жана улуттук баалуулуктарды сактап, турмушта өз көз карашы калыптанган, креативдүү ой жүгүрткөн, негизги компетенттүүлүккө ээ, жашоодо өз ордун таба билген инсанды тарбиялоо.

Мектептин максаты:

         Мектептеги окуу-тарбия процесси менен мамлекеттик билим берүү стандарттарын аткаруунун жана турмуштук компетенцияларына жетишүүнүн негизинде окуучулардын инсандык жалпы маданиятын калыптандыруу, инновациялык технологияларды, жаңы усулдарды колдонуп, сапаттуу билим берүүнүн  натыйжасында  окуучулардын билим денгээлин жогорулатуу. Окуучуларды этнопедагогиканы колдонуу менен адамдын укуктары менен эркиндигин урматтоого, толеранттуу болууга  окутуп-тарбиялоо. Ата-энелерди  мектеп турмушуна аралаштыруу аркылуу  мектепке тартуу, балдарга болгон жоопкерчилигин өстүрүүнүн үстүндө иш алып баруу.

  1. Минималдуу  талаптардын  аткарылышын  талдоо  жана  тастыктоочу  база
1. БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН МАЗМУНУ ЖАНА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДАЛЫШЫ
1.1.Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планынын талаптарына, керектөөлөрүнө ылайык келүүсүТ. Касымбеков атындагы №99 ЖББОМнын өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы укуктук ченемдик актыларга жана мектеп Уставына таянып  жүргүзөт.

Окуу программасы жана планы КРнын “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамына, КРнын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 “Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык иштелип чыккан.

Т. Касымбеков атындагы №99 жалпы билим берүү орто мектеби 2022-2023-окуу жылына карата окуу планы

I  баскычтагы

Базистик окуу планы (1-4–класстар)  башталгыч жалпы билим берүүнүн негизги жалпы билим  берүү  программаларын (предметтерин) өздөштүрүү 4 жылдык  ченемдик  мөөнөтүнө  эсептелинген.

II  баскычтагы

Кыргыз  тилинде  окутулуучу үчүн  окуу планы  (5-9-класстар) негизги билим берүүнүн  негизги  жалпы  билим  берүүчү программаларын (предметтерин)  өздөштүрүүнүн  5 жылдык  ченемдик  мөөнөтүнө  эсептелинген.

III  баскычтагы

Кыргыз  тилинде   окутулуучу  жалпы билим берүү мектеп  үчүн окуу  планы (10-11-класстар) жалпы орто билим  берүүнүн  негизги жалпы  орто  билим  берүүчү  программаларын (предметтерин) өздөштүрүүнүн 2 жылдык ченемдик мөөнөтүнө эсептелинген.

I баскычта

Биринчи класска ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каалоосу  боюнча 6 жаштан баштап, 7 жаштан кеч эмес балдар кабыл алынат.

II-III баскычтарда

Негизинен  окуучулардын, ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) кызыкчылыктарын эске  алуу менен  предметтерди окутуу, окуучулардын таанып билүүсүн жана жөндөмдүүлүктөрүн  канааттандыруу  максатын көздөйт. Негизги Базистик окуу планы  окутуу үчүн мектеп  компонентинин  сааттары төмөндөгүдөй белгиленген:

5-А, Б, В, Г класстарында математика сабагы 4 саат, 8-А, Б, В, Г класстарында математика сабагы – 4 саат, 10-А, Б класстарында математика сабагы – 2 саат.

I  баскычында – башталгыч класстар – 1-4-класстар – 21 класс – 712 окуучу

II  баскычында – негизги мектеп – 5-9-класстар – 19 класс – 613 окуучу

III  баскычында – 10-11-класстар – 3 класс – 84 окуучу

Жалпы: 1409 окуучу.

Окутуу 2 сменада жүргүзүлөт. Сабактардын узактыгы 1-класстарда 40 мүнөт, 2-11-класстарда 45 мүнөт.

Календардык-тематикалык  пландар ар бир предметтин мамлекеттик стандарттарына ылайык түзүлгөн. Мектептин УБнын отурумунда каралып, УКда талкууланып, Пед.кеңештин отурумунда бекитилген (№1 токтому).

Мектептин ачылган күнү – 2022-жыл, 15-сентябрь

Мектептин Уставы

Билим берүүнүн стандарты

Стратегиялык өнүгүү планы

Базистик окуу планы

Мугалимдердин жумалык жүктөмү

 

Педагогикалык кеңешменин жобосу

Пед.кеңешменин отурумдары

 

Мектеп компоненти

Календардык-тематикалык пландар

1.2.Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсүТ.Касымбеков атындагы № 99 жалпы билим берүү орто мектеби окуу процессин жүргүзүү үчүн тиешелүү окуу жана усулдук куралдар менен толук камсыздалган, предметтер боюнча усулдук камсыздоо билим берүүнүн мамлекеттик стандартына шайкеш келет.

Нормативдик жана усулдук иш кагаздар:

– окуу планы;

– календардык–тематикалык

пландар;

– сабактардын планы;

– окуу кабинеттери жана

лабораториялар.

Усулдук бирикме тарабынан окуу пландары, мектеп компонентинин, ийримдердин пландары талапка ылайык иштелип чыгып, бекитилет, окуу процессинде колдонулат.

2022-2023-окуу жылына карата №99 ЖББОМнын жылдык планы

Календардык-тематикалык пландар

Күнүмдүк сабактын планы

Ийримдер менен иштөө жобосу, пландары, сүрөттөрү

Окуу кабинеттери

Мектеп компонентин тандоо боюнча ата-энелер чогулушу

Мектеп компонентин бекитүү боюнча УБнын токтому, КТПсы

 

1.3.Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу-методикалык адабияттардын фонду) болушуМектептин китепканасында  окуучулар үчүн окуу китептери жана көркөм адабияттар менен камсыздалган.

2022-2023-окуу жылында Т.Касымбеков атындагы №99 жалпы билим берүү орто мектебинин китепканасы окуу китептери, көркөм адабияттар, усулдук колдонмолор менен толукталууда.

Мектептин жалпы китеп фонду: 4673

Анын ичинен:

Окуу китептери – 2573

Көркөм адабияттар – 108

«Бир адамдан бир китеп» долбоорунан – 350

Усулдук адабияттар – 70

Окурмандардын саны – 346

Китепкананын кызматын пайдалануучулардын саны – 160

Берилген китептердин саны – 2573

Ата-энелер тарабынан камсыздалган окуу китептери – 2100

Окуу жылынын башталышында окуучуларга  окуу китептери, мугалимдерге усулдук колдонмолор берилди.

Окуу китептери менен камсыз болушу  – 67%,

Мектептин китеп фонду долбоорлордун алкагында келген окуу китептери менен толукталууда. Мугалимдер жана окуучулар үчүн окуу залы иштейт.

 

 

 

 

Китепканачынын планы

Китепкана

Китепкананын иштөө графиги

1.4.Билим берүү программасынын жана окуу методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн,  керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушуМектепте  билим берүү программаларын ишке ашырууда жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты, Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктары, билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу иш кагаздар укуктук-нормативдик актылар, мектептин Уставы жетекчиликке алынып окуучуларга  сапаттуу билим берүү негизги мааниге ээ. Билим берүүнүн сапатын көтөрүү үчүн бардык шарттар көрүлгөн.  Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдап, окуу китептери, усулдук колдонмолору менен камсыз кылуунун үстүндө бир топ  иштер аткарылууда. Билим берүүнүн жыйынтыктары, баалоо иштери боюнча чейрек сайын класстык, жалпы мектептин ата-энелерге өткөн чогулуштарында маалымат берип, тааныштырып, жыйынтык чыгарылып турат.Чейректик анализдер

Мектептин жалпы ата-энелер чогулушунун токтому

Маалыматтык коопсуздук жөнүндө жобо

Класстык ата-энелер чогулуштарынын токтомдору

Класстык ата-энелер чогулушу(сүрөт)

Класстык кабинеттери

 

Күчтүү  жактары:

1.  Ийримдердин жана кошумча чет тилдерин курстарынын окутулушу.

2. Окуу программаларынын аткарылышы.

3. “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негизинде мектептин окуу залынын адабий китептер менен толукталышы.

Алсыз  жактары:

1. 1. Мектептин сыйымдуулугуна  окуучулардын санынын дал келбеши, б.а. окуучулардын санынын өсүшү.

2. 2. Ата-энелердин мектеп турмушуна, көйгөйлөрүнүн  чечилишине  салымды азыраак кошкондугу.

3. 3. Лабораториялык кабинеттердеги керектүү каражаттардын жетишсиздиги.

4. 4. Материалдык техникалык базанын тиешелүү деңгээлде жетишсиздиги.

Сунуштар:

1. Мектептин китеп фондун жыл сайын жаңы окуу китептери, усулдук колдонмолор, көркөм адабий китептер менен толукталышынын  үстүндө иш алып баруу;

2. Ар кандай коомдук фонддор, долбоорлор жана демөөрчүлөр менен кызматташуу;

3. Мектептин сайтын ар дайым жаңы маалыматтар менен толуктап туруу.

 

2.   КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУТУУНУ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН БААЛОО
2.1.Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушу

Окутуунун максаттары окуу  программаларында, билим берүү уюмунун, усулдук кеңештин жана усулдук бирикмелердин, класстан тышкары иш алып баруу пландарында каралган.

Коюлган максаттар  окуучунун компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган.

Окутуунун максаттары сабактардын пландарында  окуучунун позициясында коюлат.

Мектеп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги,  РПККжКДИ тарабынан  иштелип чыккан билим берүү программаларынын алкагында иш алып барат.

Календардык  пландар

Класстан  тышкаркы  иштердин  пландары

Усулдук  бирикме  жетекчилеринин  пландары

Сабактардын иштелмелери

2.2.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

    Мугалимдер тарабынан инновациялык технологияларды жана усулдарды колдонуунун  мониторинги жүргүзүлүп турат. Мугалимдер окутууда  инновациялык  ыкмаларды колдонуу көндүмдөрүнө ээ жана аларды практикада колдоно алышат.

Сабакка даярдануу жана сабак өтүү, окуучулардын жетишкендиктерин баалоо жана анализдөө, инновациялык  технологияларды, техникалык каражаттарды сабактарда колдонуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Мамлекеттик билим берүү стандартына  мектептин миссиясы менен дал келген жана так аныкталган  билим берүү максаттары иштелип чыккан.

Ар бир окуу кабинетинде телевизорлор иштейт. Химия кабинетинде интерактивдүү панель, ар бир кабинеттин  проекторлору иш-чараларды, семинарларды, жолугушууларды, ачык сабактарды өткөрүүдө колдонулат.

 

Инновациялык технологияларды сабакта колдонуу

Сүрөт

Мектептин материалдык-техникалык базасы тууралуу маалымат

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2.3.Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушуПедагогикалык окутуу усулдарын баалоо жана корректировкалоо максатында мектеп администрациясы үзгүлтүксүз сабактарга катышып, ар бир сабакка тиешелүү анализдер берилет. Мектеп администрациясы, мугалимдер  өз ара сабактарга, ачык сабактарга декада учурунда график боюнча тажрыйба алмашуу максатында катышышып, анализ берип турушат.

Мектепте кайтарым байланыштын төмөнкү формалары каралган:

– фронталдык сурамжылоо;

– байкоо:

– суроо берүү;

– тестирлөө;

– анкета алуу.

Окуучулардын жазуу иштеринин жыйынтыгы

УБнын жетекчилери тарабынан иштелип чыгып, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарына өткөрүлүп,  жыйынтыгы чыгарылып, мониторинг түзүлөт. Кемчиликтер, сунуштар үстүндө иш алып барылат.

Кайтарым байланыш алуу үчүн ата-энелер чогулушу, ата-энелерден сурамжылоо алынып, жыйынтык чыгарылат жана “Электрондук күндөлүк” системасы колдонулат. Педагогдордун ишинин ыкмаларын жана технологияларын корректировкалоо максатында окутуунун натыйжаларын жана сабактарды талдоо, ошондой эле өзүн–өзү талдоо иши туруктуу жүргүзүлөт.

Усулдук  кеңештин  отурумдарынын  токтомдору

Усулдук бирикмелердин декадалары

Сабакка анализдер

3-11-класстардын чейректик жыйынтыктары жана 1-жарым жылдыктагы  анализдери

Предметтик мугалимдердин чейректик отчёту

Жазуу дептерлери

Жазуу иштери

Тест

Окуучулардын күндөлүктөрү

2.4.Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык–айкын системасынын болушу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Окуучулардын окуудагы  жетишкендиктерин объективдүү жана ачык-айкын баалоо билим берүү стандартынын талабына ылайык жүргүзүлүп, жыйынтык чыгарылат.

Баалоодо төмөндөгү ыкмалар колдонулат:

– салттуу жазуу;

– оозеки жооптор;

– практикалык иштер;

– илимий-изилдөөчүлүк

долбоорлор.

Мектептен сырткары окуучулардын УТБ,  райондук, шаардык, республикалык олимпиадаларга, кичи олимпиадаларга  катышуусу каралган.

Предметтер боюнча  жана класстар боюнча окуучулардын жетишкендиктерине мониторинг   жүргүзүлүп, жыйынтыкталып, талдоо жүргүзүлүп турат.

Коомчулуктун байкоосу

Олимпиадалардын жыйынтыгы

УТБ жыйынтыгы

Жазуу  иштери  жана  мониторингдер, анализдер

Практикалык, лабораториялык иштер

Илимий-изилдөөчүлүк долбоорлор

2.5.Окуучуларга баалоонун колдонуучу эрежелери, жол-жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушу

 

Окуу жылынын башталышында окуучулар билимдерин баалоонун  эрежелери  жана  критерийлери  менен тааныштырылат.

Мектепте өткөрүлгөн бардык иш-чараларга, окуу процессине, класстан тышкаркы иштерге, кароо-сынактарга, спорттук мелдештерге өз убагында баа берилип, анализ жүргүзүлүп, мониторинг чыгарылат.

Мектеп жаңы ачылгандыгына байланыштуу окуучулар ЖМАдан өтө элек.

Бааалоонун  критерийлери

Тарбия иштери боюнча анализ

Иш-чаралар 

Ачык сабактар

Сабактарга катышуу графиги

Апелляцияларды кабыл алуу жана карап чыгуу жобосу

2.6.Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу

 

   Т.Касымбеков атындагы № 99 жалпы билим берүү орто мектебинин администрациясы, класс жетекчилер, предметтик мугалимдер, соцпедагог, медициналык  кызматкерлер менен биргеликте ден соолукту сактоо боюнча сабакта жана сабактан тышкары учурда коопсуздук ыкмаларды колдонуу боюнча иш–чараларды өткөрүп турушат.

Мектептин соцпедагогу атайын психикалык, моралдык-руханий, социалдык жактан тест, анкета, сурамжылоо иштерин жүргүзүп турат.

Тарбия иштери боюнча аткарылган иштердин  жарым жылдык отчету  педагогикалык кеңешмеде каралат.

Мектеп окуучуларынын социалдык абалы анализделип, соцпедагог тарабынан алгылыктуу иштер аткарылып келе жатат. Жыл ичинде турмуш-шарты оор, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн ар тараптуу иштер алып барылууда.

Окуучулар сабактан кийинки учурда ар кандай ийримдерге катыша алышат. Алсак, чыгармачылык ийримдер: комуз, “Алтын ийне”, “Жаш талант”, “Мыкты ашпозчу”

Спорттук ийримдер: шахмат, футбол, волейбол, кирет.

Кошумча ата-энелер тарабынын каржыланган ийримдер: “Жаз” бий кружогу, “Эркин күрөш” кружогу, “Киокушинкай каратэ”, “Грэпплинг” жана чет тилдер (кытай жана англис тили) кружоктору иш алып барышат.

Өрт коопсуздугу боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен биргелешкен планы

Эмгек коопсуздук келишими

Экстремалдык кырдаалга даярдык көрүү

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарт түзүү(пандус) 

Антитеррористтик паспорт

Тарбия иштеринин 1-жарым жылдыкка карата анализи

Мед кызматкерлердин иш кагаздары, сүрөттөрү

Соцпедагогдун  иш  кагаздары

Педагогикалык кеңешменин протоколу

Ийримдер менен иштөө жобосу

Үч тараптуу келишим

Ийримдердин иштери, жетишкендиктери (фото-сүрөттөр)

2.7.Ички жана тышкы баалоонун системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасы

 

Окутуу программасынын алкагында эффективдүү иш алып барыш үчүн УТБ, ЖРТ га даярдык көрүлүп, иш алып барылууда. . Нормативдик жана окуу-методикалык иш кагаздары менен иштөө жөнгө салынган.

 

 

Ички баалоо

Тышкы баалоо

УТБ  жыйынтыктары

2.8.Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун  болушу

 

   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын негизинде мектепте кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн жол-жоболору иштелип чыккан.

Мектепте ата-энелердин кандайдыр маселелер менен кайрылган учурлары  болот.

Кызыкдар тараптардан түшкөн кайрылуулар жана арыздарды кириш кагаздарын каттоо журналына түшүрүп,  андан кийин ылайыгына жараша жооп берилет.

Мектепте келип түшкөн каттар үчүн ишеним кутучасы уюштурулган. Бул кутучага окуучулардан келип түшкөн каттар, сунуштар, каалоо-тилектер  ай сайын ачылып, анализ жүргүзүлөт, тиешелүү иштер алынып барылат. Соцпедагог  тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

“Ишеним кутучасы”

Кызыкдар тараптар менен сүйлөшүүлөр

Коомчулуктун келип-кетүүсүн каттоо

 

Күчтүү жактары:

1. Мугалимдер окутууда  инновациялык  ыкмаларды колдонуу көндүмдөрүнө ээ жана аларды практикада колдоно алышы.

2. Сабакка даярдануу жана сабак өтүү, окуучулардын жетишкендиктерин баалоо жана анализдөө, инновациялык  технологияларды, техникалык каражаттарды сабактарда колдонуу үчүн шарттар түзүлгөндүгү. Ар бир окуу кабинетинде телевизорлор, проекторлор,  химия кабинетиндеги интерактивдүү панелдин болушу.

3. “Электрондук күндөлүк” системасынын колдонулушу.

4. Окуучулар сабактан кийинки учурда ар кандай ийримдерге катышышы.

 

Алсыз жагы:

1. Интерактивдүү панелдердин, интерактивдүү доскалардын жетишсиздиги.

2. Ички  жана тышкы миграциянын үй-бүлөгө, окуучулардын билим сапатына тийгизген таасири.

 

Сунуштар:

1. Окуучулардын окууга болгон шыгын байкоо менен мотивациялоону улантуу;

2. Окуучулардын билиминин жогорку сапатына көмөк көрсөтүү үчүн кызыкдар тараптар менен ишти активдештирүү;

3.  Жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү улантуу.

 

 

3. КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ
3.1.Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим программасына шайкеш келүүсүПедагогикалык курамдын квалификациялары жана билимдери  адистигине шайкеш келет. Мектеп бардык предметтер боюнча педагогдор менен камсыз болгон.

2022-2023-окуу жылында мектептеги педагогдордун сандык-сапаттык курамы төмөндөгүдөй:

мугалимдердин жалпы саны – 73

билими боюнча:

жогорку – 54

атайын орто – 11

бүтө элек жогорку – 1

даражасы боюнча:

бакалавр – 7

жынысы боюнча:

эркек – 7    аялдар – 66

КР Билим берүүнүн мыктысы төш белгисинин ээси -2

КР ББИМдин Ардак  грамотасы -3

Жашы боюнча:

35 жашка чейин – 36

36 жаштан 40 жашка чейин – 9

41 жаштан 50 жашка чейин – 17

51 жаштан 57 жашка чейин – 6

58 жаштан 60 жашка чейин – 0

61 жаштан жогору – 5

улуту боюнча:

кыргыз – 73

жаш мугалимдер: 20

Педагогикалык жамааттын сандык-сапаттык курамы

Сертификаттар

Билим берүүнүн мыктысы төш белгисинин ээлери

 

3.2.Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол жоболордун болушу     Мектепте билим берүү чөйрөсү коопсуздук талаптарына толугу менен жооп берет.

Кабинеттердин жарыктандырылышы, шартка жооп бериши, жылуулугу, желдетилиши, таза суу менен камсыз болушу, эмеректердин коопсуздугу, коопсуздук техникалык эрежелердин пландары уюштурулган.

Мектепте физикалык жана психологиялык чөйрөнү түзүү максатында ата-энелерден милдеттенмелер алынган.

Балдардын ден соолугун коргоо, оорулардын алдын алуу үчүн  медициналык кызматкерлер тарабынан  ар түрдүү темадагы лекциялар өтүлүп, ден соолук бурчтары уюштурулган. Мектепте шаардык

№13, №1 бейтапканаларынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун эки кызматкери (тиш  доктур, медайым) окуучулардын жана педагогикалык курамдын ден соолугуна кам көрүшөт, медициналык кабинет бар.

Өрт коопсуздугу боюнча мектеп толугу менен сигнализация менен камсыз кылынган.

Техникалык коопсуздук эрежелери, эмгекти коргоо боюнча инструктаж өтүлүп турат.

Мектептин ички көзөмөлүнүн жобосу

Кабинеттердин абалы

Ата-энелердин милдеттенмелери

Мед.кызматкерлердин иш кагаздары, сүрөттөрү

Өрт коопсуздугу боюнча иштер

 

 

3.3.Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын  жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу    Педагогдордун кесиптик квалификациясын жогорулатуу максатында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан иштелип чыккан графиктин негизинде педагогдор курстардан өтүшөт.

ЮСАИДдин “Окуу керемет” долбоорунун алкагында башталгыч класстын  9 мугалими 2022-2023-окуу жылында иш алып барууда.

Мугалимдер өз квалификациясын курстарда, семинарларда, тренингдерде, анын ичинде дистанттык түрдө жогорулатат.

Мугалимдердин ишин баалоо үчүн усулдук бирикмелер натыйжалуу иш алып барышат. Жаш мугалимдерге колдоо көрсөтүү максатында насаатчылык системасы  бекитилген  жана колдонулат.

Педагогдордун чыгармачылык менен иштөөсүн  мотивациялоо үчүн, жогорку инстанцияларга сунушталып, мактоо баракчалары менен сыйланышат.

Мугалимдердин өзүн-өзү өнүктүрүүсү

Сертификаттары

Насаатчылык жөнүндө жобо, жылдык пландар

Грамоталар

Семинар, тренингдер

Күчтүү жактары:   

1.  Усулдук бирикме жетекчилеринин  ишинин  натыйжалуулугу.

2. Педагогикалык кадрлардын өз кесиби боюнча иштөөсү.

3.  Кабинеттердин жарыктандырылышы, шартка жооп бериши, жылуулугу, желдетилиши, таза суу менен камсыз болушу, эмеректердин коопсуздугу, коопсуздук техникалык эрежелердин болушу.

 

Алсыз жактар:

1. Мектепте жаш адистердин туруктуу иштеп калбоосу.

2. Өрт өчүрүү мекемесинин мектеп менен эки тараптуу иш алып барбай жаткандыгы.

4. Жаш өспүрүмдөр инспекторунун кызматкеринин жетишсиздиги. Тынчсыздануу (тревожная кнопка) баскычынын жоктугу.

Сунуштар:

1. Мугалимдердин ыңгайлуу эмгек шарттарын жана үзгүлтүксүз профессионалдык өсүүсүн камсыз кылуу боюнча иштерди улантуу;

2. Иштеги кемчиликтерди табуу жана аларды тез арада четтетүү максатында мугалимдин өзүн-өзү талдоо практикасын улантуу;

3. Жаш адистердин квалификациясын жогорулатууну үзгүлтүксүз улантуу;

 

 

 

4. МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

 

 
4.1.Билим берүү процессинин  катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал) болушуМектептин жалпы ички аянты – 8800 м²

1. Мектепте окуу имараттары жана бөлмөлөрү канааттандыраарлык абалда, окуу кабинеттери чоң, жарык жана жылуу. Мектептин кире беришинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус орнотулган.

34 окуу кабинеттери бар. Ар бир кабинет предметтик стандарттын талаптарына ылайык 70%га жабдылган. Химия кабинетинин лабораториясы, физика кабинетинин лабораториясы, биология кабинетинин лабораториясы бар.  3 информатика кабинети 34 компьютер,  34 проектор, экран, доска менен жабдылган. Жалпысынан мектеп администрацияларында 6, китепканада 1, мед айымда 1 компьютер,  усулдук бирикме башчыларында 10 ноутбук, окуу кабинеттеринде 10 телевизор, 1интерактивдүү панель, 5  МФУ 3/1 принтер (1 түстүү принтер) бар.

Мугалимдердин өздүк каражаттарынын эсебинен алынган 15 ноутбук, принтерлери бар.

2. Мектеп китепканасы окуучулар үчүн ылайыкталып, шарттары менен түзүлгөн. Китепкана 67% окуу китептери менен камсыз болгон. Өзүнчө китеп сактоочу жайы бар.

3. Мектептин спорт залы жана күрөш залы окуучулардын спорт менен машыгуусуна ылайыкталган. Спорт аянтчасында волейбол, футбол, баскетбол аянтчалары, турниктер, брустар ж.б. окуучулар спорт менен машыкканга ылайыкташкан.

4. Мектепте шаардык №13 бейтапкананын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун  эки кызматкери (тиш доктур, медайым) окуучулардын жана педагогикалык курамдын ден соолугуна кам көрүшөт, медициналык кабинет бар.

5. Мектеп  ашканасы мезгилдин талабына ылайык бардык шарты менен жабдылган.      1-4-класстын 712 окуучусуна жана                      5-7-класстардагы жашоо-шарты оор болгон үй-бүлөлөрдөн 85 балага ысык тамак берилет. Ашканада 28 стол жана 132 орундук стул,         2 даана электроплитка, 5 даана муздаткыч,    2 даана духовка, эт туурагыч, стеллаждар, идиш-аяктар ж.б. менен толук камсыздалган. 5 суу жылыткыч  орнотулуп, ысык суу менен камсыздалган. Ашкананын иши мектеп администрациясы, ата-энелер, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери, санэпидемстанция тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

6. Мектепке көмүр жылытуу системасы киргизилген жана кышкысын жылуулук режим сакталат. Мектепте канализация иштейт. Имараттын ичинде 12 даараткана жана 15 жуунучу кабиналар курулган. Мектептин короосунда да даараткана бар.

7. Мектептин алдында гүлдөр, бактар отургузулган.

Пандустун сүрөтү

Кабинеттердин сүрөттөрү

Спорттук аянтчалар(сүрөт)

Спорттогу жетишкендиктер

Окуучуларды ысык тамак менен камсыздоо боюнча жобо

Окуучуларды ысык тамак менен камсыздоо боюнча буйрук

Ашкананын камсыздалышы

Сүрөттөр

Жашылдандыруу

4.2.Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)  Билим берүү чөйрөсү коопсуздук талаптарына толугу менен жооп берет. Ар бир кабинетте жана фойеде, коридорлордо техникалык коопсуздук эрежелери илинген. Окуучуларга, мугалимдерге жана башка кызматкерлерге  тааныштырылып, колдору коюлган журналдар бар.  Мектеп толугу менен сигнализация менен камсыз кылынган.

Техникалык коопсуздук эрежелери, эмгекти коргоо боюнча инструктаж өтүлүп турат.

Санитардык-эпидемиологиялык  жана гигиеналык абалга жараша  кол жуугуч раковиналар коюлган.

Кийим, бут кийим алмаштыруу уюштурулган.

Мектеп коопсуздук чөйрөсүн камсыз кылуу багытында 25 видеокөзөмөл менен камсыз болгон.

Техникалык коопсуздук эрежелери

Ишембилик

Санитардык эрежелерди сактоо

Таштанды челектер(сүрөт)

Кийим, бут кийим алмаштыруу

Эмгекти коргоо инструкциялар

Видеокөзөмөл

4.3.Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу     Мектептин техникалык базасын өнүктүрүү боюнча план иштелип чыгып бекитилген. План боюнча иш алып барылат.Мектептин матералдык-техникалык базасын өнүктүрүү боюнча план

Кириштөө  жана  чыгыштоо  актылары

Сүрөттөр 

Күчтүү жактары:

1. 1. Имараттын жана окуу кабинеттердин абалынын талапка жооп бериши.

Алсыз  жактары:

1. Материалдык-техникалык  базанын толук кандуу ишке кире электиги.

2. Лабораториялык  каражаттардын  жетишсиздиги.

Сунуштар:

1. Мектептин инфраструктурасын жакшыртуу, материалдык базасын толуктоо, мектепте коопсуз чөйрө үчүн шарттарды түзүү максатында ар тараптуу долбоорлорду тартуу.

2. Мектеп администрациялары кызыкдар түзүмдөр менен түрдүү долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу окуу процессинин шарттарын жакшыртуу үчүн бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу боюнча кызматташууну улантуу.

3.Материалдык-техникалык базаны чыӊдоо максатында ата-энелер менен иш алып баруу.

Жыйынтык:

Т.Касымбеков атындагы №99 ЖББОМнын иш кагаздары талапка ылайык жүргүзүлөт. 43 класстык журнал, 3 журнал        “480 сааттык Наристе” программасы боюнча, алфавиттик китеп, окуучулардын жана мугалимдердин иш кагаздары, буйрук китепчелер, окуучулардын өздүк делолору, окуучулардын кыймылы боюнча өз убагында буйруктар чыгарылып, ИСУО маалыматтык базасы жаңыланып, толук маалыматтар өз убагында жүргүзүлүп турат. Мектепте “Электрондук күндөлүк системасы” иштейт.

Мектептин күчтүү жагы болуп өз ишин сүйгөн, ишине чыгармачылык менен мамиле кылган, талыкпастан эмгектенип жаткан күчтүү кадрлар менен толукталышы, тарбия иштеринин жогорку деңгээлде жүргүзүлүшү болуп саналат. Мектептин китепкана фонду жыл ичинде «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негизинде жаңыртылып, толукталууда.

Мектептин окуу кабинеттери талапка ылайык жабдылган. Мектепте 25 видеокөзөмөл орнотулган.

Жүргүзүлгөн өзүн-өзү баалоонун негизинде комиссия ыйгарым укуктуу органдарга программалык аккредитациядан өтүү үчүн документтерди жиберүүнү сунуштайт.

 

Комиссиянын төрагасы:______  1. З. М. Осмоналиев – мектеп директору

Комиссиянын мүчөлөрү: ______ 2. К. Б. Тотоева – окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары

_______ 3. З. К. Кабылбекова – башталгыч класстар боюнча директордун орун басары

_______ 4. Г. Ж. Касымалиева – усулдук иштер боюнча директордун орун басары

_______ 5. С. Т. Тойчуева – тарбия иштери боюнча директордун орун басары

_______ 6. И. Ю. Ювашев – соц педагог

_______ 7. С. А. Разакова – уюштуруучу

_______ 8. Н. А. Эсенкожоева – география мугалими

_______ 9. Дөөлөталы кызы Г. – кыргыз тили жана адабияты мугалими