Мектеп

Мектептин тарыхы

МектепБишкек шаарындагы Төлөгөн Касымбеков атындагы №99 жалпы билим берүү орто мектеби 2022-жылдын 15-сентябрында жалпы билим берүү орто мектеби болуп ачылып, ишке киргизилген. Мектеп типтүү долбоор менен курулган. 2 кабаттуу имарат, жалпы аянты – 8800 м2.  Тиешелүү жер аянты – 2,60 га. 

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Мектепте башталгыч класстары үчүн – 11 кабинет, жогорку класстар үчүн – 23 кабинет, 3 компьютердик кабинет, жыйындар залы, 120 орунга ылайыкташтырылган ашкана, китепкана(китеп сактоочу жайы), окуу залы, спорт залы, музыка кабинети, шахмат кабинети, бий залы, машыгуу залы, 2 спорттук аянтча бар.