Алмазбек 10-Б класс

Image result for школа

Төлөгөн Касымбеков атындагы 99 жалпы орто билим берүү орто мектебинин 10-Бклассынын окуучусу Абдыкасымов Алмазбек Жуманалыевич жөнүндө маалымат.

2016-жылы 4-классында спортко болгон алгачкы кадамын «Капкан» спорт клубунда Таэквондо ГТФ түрү боюнча таштаган. Тынымсыз машыгуулардын натыйжасында Бишкек шаарынын чемпиону, Кыргызстандын 3жолку чемпиону, Алматы чемпиону жана Азия чемпионатында 3-орундун ээси болгонго жетишти.

     2021-жылы «Ак барс» спорт клубунда  «Араши ММА» түрү боюнча машыгууну улантып, «Кыргыз Республикасынын спорт чеберине талапкер» күбөлүгүнун жана төш белгисинин ээси, 2023-жылдын 21-мартында Өзбек республикасынын Андижан областында өткөн «Andijon viloyat ochiq» чемпионатында чемпиондук курун коргоп келгенге жетишти.